ЕАЭБ аймагында контрафактылык дары-дармектерге бөгөт коюу аракети башталды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүРоссиянын Мамлекеттик Думасы. Архив
Россиянын Мамлекеттик Думасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Документ котрафактылык дары-дармектин жайылышына бөгөт коюусуна багытталган. Мындан тышкары, экономикалык уюмдун алкагында дары-дармектин жүгүртүлүшүн көзөмөлгө алган борбордун түзүлүшү каралууда.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Россиянын Мамлекеттик Думасы Евразиялык экономикалык биримдиктин алкагында медициналык каражаттарды жүгүртүүнүн бирдиктүү эрежелери камтылган макулдашууну ратификациялады.

Айылдагы медициналык пункту. Архив - Sputnik Кыргызстан
Болочок дарыгерлерге айылда иштөөдөн коркпоо керектигин айтышты
Мамдуманын депутаты, КМШ, евразиялык интеграция жана мекендештер менен байланыш боюнча комитеттин төрага орун басары Татьяна Москалькова Sputnik агенттигине аталган документтин маани-маңызын түшүндүрүп берди.

Анын айтымында, учурда рынок жасалма дары-дармекке жык толгон, кардардын дарыны текшерип алууга мүмкүнчүлүгү жок.

Москалькова КМШ аймагында тийиштүү процедуралардан өткөрбөй эле дары каражаттарын сатууга лицензия берүүчү шектүү уюмдар көп экенин белгиледи.

"Бул макулдашуунун негизинде дары-дармек ЕАЭБге кирген беш мамлекеттин аймагында жүгүртүлөт. Бирок, бирдиктүү регламент, көзөмөл системасын, бирдиктүү укуктук база түзүү керек. Бул жасалма дары-дармек сатуу менен алектенген уюмдардын жоопкерчилигин карайт", — деди россиялык депутат.

Дары-дармек жүгүртүүнү башкаруучу борбор азырынча түзүлө элек. Бирок, депутаттын пикиринде, бул борборду бардык мамлекеттер үчүн ыңгайлуу болгудай аймакта түзүү керек. Ал сөзсүз эле Россияда болушу керек эмес.

Кыргызстанда бул макулдашуу 2015-жылдын июнь айында ратификацияланган.

Жаңылыктар түрмөгү
0