Бишкекти коммуналдык техника менен Белоруссия камсыздашы мүмкүн

Жазылуу
Мэр Кулматов менен жолугушуу маалында белоруссиялык машина куруу заводдорунун өкүлдөрү кыргыз тарап менен иштешүүгө кызыкдар экенин белгилешти.

БИШКЕК, 21-янв. — Sputnik. Бишкек мэриясы коммуналдык техниканы белоруссиялык заводдордон алышы мүмкүн. Бул тууралуу муниципалитеттин жетекчиси баштаган делегациянын Белоруссиянын Кыргызстандагы элчиси Виктор Денисенко менен болгон жолугушуусунда белгилүү болду. 

Кулматов таштанды челектеринин айланасын да тазалоону тапшырды
Маалыматка ылайык, элчи менен кошо келген машина куруу заводдорунун өкүлдөрү коммуналдык, кар тазалоочу, айыл чарба жана жүргүнчү ташуучу техника тууралуу айтып беришти.

"МАЗ" заводунун өкүлдөрү жакындан бери таштанды ташуучу унаанын жаңы моделдери иштелип чыкканын белгилеп, кыргыз тарапка сунуштады. 

Өз кезегинде мэр Кубанычбек Кулматов жаңы техникага кызыкдар экенин белгиледи.

"Биз үчүн техниканын колдонуудагы жөнөкөйлүгү жана запастык бөлүктөрдү сатып алуудагы жеткиликтүүлүк башкы маселени жаратат", — деди шаар башчысы.

Белоруссиялык тарап мэрия өкүлдөрүн жаңы техниканын моделдери менен таанышуу үчүн Минскиге чакырды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0