ЖК Жогорку Нарын каскаддары боюнча РФке $37 млн. кайтаруу боюнча иликтөө жүргүзүүнү сунуштайт

© Sputnik / Табылды КадырбековКомпьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив
Компьютер жана микрофон менен жайгашкан жумуш ооруну. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин парламенттин жыйынында өкмөт өкүлдөрү Кыргызстан Россияга Жогорку Нарын каскадынын инфраструктурасын курууга жумшалган 37 миллион долларды кайтарып бере турганын айтышкан. "Ата Мекен" фракциясы бул сумма жогорулатылган деп эсептөөдө.

БИШКЕК, 20-янв. — Sputnik. Парламенттин "Ата Мекен" фракциясы Жогорку Нарын каскадын куруу үчүн россиялык каражаттын пайдаланылышы боюнча депутаттык комиссия түзүүнү демилгелеп жатканын аталган фракция билдирди.

Премьер-министрдин экономика боюнча кеңешчиси Кубанычбек Турдубаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан Жогорку Нарын каскады үчүн салган каражат үчүн төлөмөр болбойт
Кыргызстан учурда Россия менен Камбар-Ата ГЭС-1 жана Жогорку Нарын каскадын курууга жаңы инвестор издеп жатат. Россиянын учурдагы экономикалык абалы өз милдеттемелерин аткарууга жол бербей турганын буга чейин президент Алмазбек Атамбаев билдирген.

Бүгүн парламент Россия менен болгон макулдашууну денонсациялоо боюнча чечим кабыл алды. 

Шаршемби күнү парламенттин жыйынында экономика министринин орун басары Нурлан Садыков Кыргызстан пионердик шаарча, бетон чыгаруучу завод жана башка объектилердин курулушу үчүн которгон 37 миллион долларды кайтара турганын билдирди. Ал эми фракция келтирилген сумма жогорулатылган деп эсептейт. 

"Жана башка" деген беренеге эле 113 миллион сом чыгымдалган. Мындан улам, фракция депутаттык комиссияга "Верхне-Нарынские ГЭС" жабык акционердик коомунун финансылык ишмердүүлүгүн текшерип чыгууну сунуштайт", — деп айтылат билдирүүдө. 

Жогорку Нарын каскаддарынын курулушу Нарын облусундагы жер тилкелерин бөлүп берүүдөгү каатчылыктан улам токтотулган. 

Аталган долбоор өкмөттөр аралык макулдашуу менен бекиген. План боюнча каскад 237,7 мегаватт кубаттуулуктагы төрт ГЭСтен турмак. Өткөн жылдын жай мезгилине карата "Русгидро" эки миллиард рубль бөлүп, дагы бир миллиард рубль бөлүүнү убадалаган. Курулуштун жалпы баасы 700 миллион доллардан ашат.

Жаңылыктар түрмөгү
0