Жалал-Абад мэриясы: ломбардга кайрылгандардын 90 пайызы насыя төлөөчүлөр

© flickr.com / 401(K) 2012Акча топтогуч жана доллар купюралары. Архив
Акча топтогуч жана доллар купюралары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карызга баткандардын көпчүлүгү нерв ооруларына чалдыкса, айрымдары өз өмүрлөрүн кыюуга барып жатат.

БИШКЕК, 20-янв. – Sputnik. Жалал-Абадда алган насыясын ай сайын төлөй тура албагандардын көпчүлүгү ломбардга кайрылышат. Бул тууралуу Жалал-Абад мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматта, ломбардга кайрылгандардын 90 пайызы насыя төлөөчүлөр экендиги айтылат.

"Бизге үйлөрүнөн ажырап калуу коркунучунда турган жарандар банктар менен сүйлөшүп, төлөм мөөнөтүн узартып берүүнү өтүнүшөт. Айласы кеткендер ломбарддан жогорку пайыз менен акча алып карызга батып жатышат", — деген насыя алуучулардын укугун коргоочу элдик кыймылдын Жалал-Абад облусундагы координатору Тамара Сулайманкулова. Анын айткандарын шаар мэриясы маалымат иретинде таратты.

Мэрия карызга баткандардын көпчүлүгү нерв ооруларына чалдыкса, айрымдары өз өмүрлөрүн кыюуга барып жаткандыгын билдирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0