Сариев "Кумтөр" кенин иштетчүлөргө катуу талап койду

Жазылуу
Өкмөт башчы компаниянын президенти менен аткаруучу директорун кабыл алып жатып, "Кумтөр" долбоорун иштетүүдө Кыргызстандын мыйзамдары так сакталышы керектигин баса белгиледи.

БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда экономикалык жана экологиялык маселелерди эске алуу менен Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо зарыл экенин премьер-министри Темир Сариев Centerra Gold Inc. компаниясынын президенти Фрэнк Херберд жана аткаруучу директору Скотт Перрини кабыл алуу учурунда билдирди.

Кумтөр алтын кени. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өкмөт жакын арада "Кумтөр" боюнча жаңы сунуш берет
Жолугушууда "Кумтөр" долбоорунун айланасындагы учурдагы абал талкууланды

Сариев кыргыз өкмөтү 2014-жылдын 18-январындагы "Кумтөр" долбоорун реструктуризациялоо шарттары жөнүндө келишимди ишке ашыруу боюнча сүйлөшүү процессинен чыгуу тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Долбоордун алкагында компания берген сунуштар Кыргызстандын кызыкчылыгына жооп бербей турганы блеглиүү болду. 

Сариев Centerra Gold Inc. компаниясынын Директорлор Кеңеши компаниянын 4,6 миллион даана акциясын кошумча эмиссиялоо тууралуу чечими эң ири акционер болгон Кыргызстандын кызыкчыгына дал келбей турганын айтты. Жана айрым процедуралар бузуу менен жасалганын эскертти.

Жолугушуу жүрүшүндө "Кумтөр" кенинин эксплуатациялоонун 2016-жылга планы, кендеги алтын запастарын тактоо зарылчылыгы тууралуу маселелер талкууланды.

Ошондой эле Премьер-министр Кумтөр кениндеги геологиялык-изилдөө иштерин жер алдындагы жол менен өткөрүү маселесин көтөрүп, муну менен бирге компанияда иштеген айрым чет элдик адистердин жергиликтүү элдин каада-салтына, маданиятына шек келтирген жүрүш-турушуна жол берилбей турганын билдирди.

Сариев: Кара-Кече кенин өздөштүрүү менен 10 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт
Centerra Gold Inc. компаниясынын өкүлдөрү акыркы мезгилде орун алган окуялар боюнча өкүнөрүн жана мындан ары бул сыяктуу нерсенин кайталанбашы үчүн бардык чаралар көрүлөрүн убадалашты.

Сариев "Кумтөр" долбоорун ишке ашырууда экономикалык жана экологиялык маселелерди эске алуу менен Кыргызстандын мыйзамдарын так сактоо зарылдыгын билдирди.

Тараптар "Кумтөр" кениндеги өндүрүштүн үзгүлтүксүз жүрүшүнө кызыкдар экенин жана биргеликте иш алпаруу зарылдыгын билдиришти. 

Жаңылыктар түрмөгү
0