Сариев: Кара-Кече кенин өздөштүрүү менен 10 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт

Жазылуу
Кара-Кечеде учурда 500 миллион тонна көмүр бар экенин белгилеген өкмөт башчы бул "Кумтөрдөн" кем калышпаган ири долбоор экенин белгиледи.

БИШКЕК, 16-янв. — Sputnik. Кара-Кече көмүр кенин иштетүү 10 миң жаңы жумушчу орундун түзүлүшүн шарттайт. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариев аталган кенди иштетүү боюнча конкурс жарыялоо маселеси каралган өкмөттүн жыйынында билдирди.

Вице-премьер Олег Панкратовдун айтымында, долбоорду ишке ашырууда 1200 мегават кубаттуулуктагы жылуулук электр станциясын жана "Балыкчы — Кара-Кече" темир жолун куруу керек.

"Инвесторлор үчүн сынак эки этап менен өтөт. Түшкөн сунуштардын жыйынтыгы жана элдин кызыкчылыгын эске алуу менен жеңүүчү аныкталат. Аны менен концессиондук келишим түзүлүп, инвестициялык макулдашууга кол коюлат", — деди ал.

Өз кезегинде өкмөт башчы бул өлкө үчүн "Кумтөрдөн" кем калышпаган маанилүү долбоор экенин белгилеп, кендеги көмүрдүн запасы 500 миллион тонна экенин айтты.

"Жылына 3 миллион тоннадан көмүр казылса да Кара-Кечени толугу менен өздөштүрүүгө 100 жылдан ашуун убакыт керектелет. Мындан тышкары, бул 10 миңдеген жаңы жумушчу орундарды түзсө, темир жолдун курулушу Азия менен Европаны бириктирген трансконтиненталдык жолдун бөлүгү болуп калат. Муну менен бирге темир жол аркылуу кенден учурда модернизацияланып жаткан Бишкек ТЭЦине көмүр ташууга ыңгайлуу шарт түзүлөт", — деди Сариев.

Жыйын соңунда премьер-министр Кара-Кече кенин комплекстүү өздөштүрүү Нарын облусунун өнүгүшүнө да өбөлгө болорун белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0