Улуттук банк: банктарда доллар жетиштүү, таңкыстык болгон жок

© Sputnik / Владимир Трефилов / Медиабанкка өтүүДоллар купюрасы. Архив
Доллар купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банк рыноктогу туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдө чет элдик валютасын чектебей саткан.

БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Накталай доллардын банктарда таңкыстыгы жаралып жатат деген маалыматтар чындыкка дал келбейт. Улуттук банк валюта рыногунда туруктуулукту кармап туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдө чет элдик валютаны чектөөсүз сатуу аркылуу рынокко катышты. Бул тууралуу борбордук банктын маалымат кызматы билдирди.

Капчыгдагы доллар купюрасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир айдан бери туруктуу турган доллар кайра көтөрүлүп бара жатат
Маалыматта айтылгандай, 11-январда Улуттук банк коммерциялык банктарга жана акча алмаштыруу жайларына чет өлкө валютасын сатууга эч кандай чектөөлөрдү койгон эмес. Болгону рыноктогу туруктуулукту колдоп туруу максатында, накталай жана нак эмес түрдө чет элдик валютасын чектөөсүз саткан. 

Мындай чаралардан кийин, учурда чет элдик валютага болгон суроо-талап накталай түрдө сыяктуу эле, нак эмес түрдө да канааттандырылды.

Ал эми банктар жетиштүү көлөмдөгү долларга ээ. Алсак, 6-январга карата коммерциялык банктарда доллардын калдыгы 390,8 млн. долларды түзгөн. Анын ичинен 51,8 млн. доллар накталай болсо, 340,0 млн. доллары нак эмес түрдө катталган.

Улуттук банктын эл аралык камдарынын көлөмү импорттун төрт айын жабууга жетиштүү жана 6-январга карата 1 млн. 758 миң 300 АКШ долларын түзөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0