"Макмалалтында" кийин план ашыгы менен аткарыла баштады

© Sputnik / Павел Лисицын / Медиабанкка өтүүАлтын куймалар. Архив
Алтын куймалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Комбинатта сентябрь айында алмаштырылган түтүктөрү пайдалуу жыйынтык берүүдө.

БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. "Макмалалтын" комбинаты декабрь айында 33,120 кг. алтын алууну көздөп бирок 33,164 кг. баалуу металл алуу менен планды ашыгы менен аткарганын "Кыргызалтын" ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Каухар көздүү илбирс түшүрүлгөн 65 миң сомдук тыйын чыкты
Мындай натыйжалуу жыйынтыктар алтын өндүрүүгө багытталган иш-чараларга байланыштуу экени маалыматта баса белгиленет. 2015-жылдын сентябрь айында "Макмалалтын" ишканасынын эски түтүктөрү титан түтүктөрүнө алмаштырылган. 

Октябрь айында "Макамалалтын" пландалган 16,631 кг. алтындын ордуна 16,781 кг. алтын алууга жетишкен. 

Ал эми ноябрь айында 32,240 кг. алтын алуу пландалып бирок 32,471 кг алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0