Сариев: айыл чарбаны өнүктүрүүгө ар бир райондун шарты бар

© Sputnik / Табылды КадырбековПосещение Темира Сариева скотобойного цеха “Торо” в Аламудунском районе
Посещение Темира Сариева скотобойного цеха “Торо” в Аламудунском районе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы Кыргызстандын ар бир дубанында чакан цехтерди, күнөсканаларды, логистикалык борборлорду жана жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга толук шарттар бар экендигин белгиледи.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Айыл чарба тармагын жакшыртууга Кыргызстандагы ар бир райондун шарты бар экенин премьер-министр Темир Сариев Аламүдүн жана Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехинин жана "Зеленая линия" күнөсканасынын абалы менен таанышуу учурунда билдирди.

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
1/5
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
Ысык-Ата райондорундагы Торо мал союучу цехи. - Sputnik Кыргызстан
2/5
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
Ысык-Ата райондорундагы Торо мал союучу цехи. - Sputnik Кыргызстан
3/5
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Зеленая линия" күнөсканасы
Зеленая линия күнөсканасы - Sputnik Кыргызстан
4/5
"Зеленая линия" күнөсканасы
© Sputnik / Табылды Кадырбеков"Зеленая линия" күнөсканасынан алынган түшүм
5/5
"Зеленая линия" күнөсканасынан алынган түшүм
1/5
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
2/5
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
3/5
Ысык-Ата райондорундагы "Торо" мал союучу цехи.
4/5
"Зеленая линия" күнөсканасы
5/5
"Зеленая линия" күнөсканасынан алынган түшүм

Ишканаларды кыдыруу учурунда премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылып, ар бир райондо ушундай чакан цехтерди, күнөсканаларды, логистикалык борборлорду жана жер-жемиштерди кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга толук шарттар бар экендигин белгиледи. 

"Бул үчүн кыргыз-орус фондунун эсебинен "РСК" жана "Айыл банкта" жеңилдетилген насыялар берилип жатат. Каражат алып иштетип, жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылып, киреше таап, аймактарды өнүктүрүүгө салым кошкула", — деди Сариев.

Маалыматка ылайык, цехте күнүгө 50 бодо мал жана 150 кой-эчки союлуп, 45 адамды жумуш менен камсыздайт. Ал эми күнөсканада күнүнө бир тонна помидор жана бадыраңдын түшүмү алынат, анда 35 адам жумуш менен камсыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0