Каухар көздүү илбирс түшүрүлгөн 65 миң сомдук тыйын чыкты

© пресс-служба НБКРНациональный банк КР презентовал золотую монету "Снежный барс"
Национальный банк КР презентовал золотую монету Снежный барс - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Ак илбирс" алтын тыйыны Улуттук банктын коллекциялык монеталарынын катарындагы эң кымбат тыйын болуп саналат.

БИШКЕК, 25-дек. — Sputnik. Улуттук банк бриллиант түшүрүлгөн "Ак илбирс" алтын монетасын көпчүлүктүн назарына тартуулады. 

Банк башкармалыгынын жетекчиси Шамил Айдаркуловдун айтымында, пайдаланууга берилген "Ак илбирс" коллекциянын ичиндеги эң кымбат тыйын болуп саналып, 200 сомдук номиналга ээ.

"Монетанын наркы анын даярдалышына кеткен чыгымдар менен бааланат. Баалуу металлга болгон баанын өсүшү бул монетанын кымбат болушун шарттады. Тыйындын наркына доллар же евронун баасы таасир этет", — деди ал. 

"Ак илбирс" Литва мамлекетинен даярдалып, 64 миң 950 сомдон сатылууда.

© пресс-служба НБКРУлуттук банк бриллиант түшүрүлгөн "Ак илбирс" алтын монетасын көпчүлүктүн назарына тартуулады.
1/2
Улуттук банк бриллиант түшүрүлгөн "Ак илбирс" алтын монетасын көпчүлүктүн назарына тартуулады.
© пресс-служба НБКР"Ак илбирс" Литва мамлекетинен даярдалып, 64 миң 950 сомдон сатылууда.
Ак илбирс Литва мамлекетинен даярдалып, 64 миң 950 сомдон сатылууда. - Sputnik Кыргызстан
2/2
"Ак илбирс" Литва мамлекетинен даярдалып, 64 миң 950 сомдон сатылууда.
1/2
Улуттук банк бриллиант түшүрүлгөн "Ак илбирс" алтын монетасын көпчүлүктүн назарына тартуулады.
2/2
"Ак илбирс" Литва мамлекетинен даярдалып, 64 миң 950 сомдон сатылууда.

Айдаркулов Улуттук банк коллекциялык монеталарды сатуудан эч кандай киреше алууну көздөбөй турганын белгиледи. 

"Ошол эле учурда анын кийинки сатылышы бир топ кымбат экени белгилүү. "Жаныбарлар дүйнөсү" сериясындагы монеталар нумизматтар тарабынан бааланат. Мында монеталардын нускасы да эсепке алынат. Тыйынды чогулткан акча катары да пайдаланууга болот, анткени ал жогорку сапаттагы алтындан жасалып, 0,09 караттагы эки бриллиант ташы чөгөрүлгөн", — деди жетекчи.

Кыргызстандын Улуттук банкы эгемендүүлүк жылдардын аралыгында коллекциялык 56 монета чыгарып, анын төртөө — алтын, 40ы — күмүш жана 12си — мельхиор экени маалым.

Жаңылыктар түрмөгү
0