Улуттук банк валюта базарына чыгуусун токтоткон жок

Жазылуу
Декабрь айында өлкөнүн башкы банкы онунчу ирет интервенцияга чыкты. Жыл башынан бери 314,4 миллион доллар сатылды.

БИШКЕК, 22-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Улуттук банкы дүйшөмбү күнү 4 миллион 50 миң доллар менен дагы бир ирет валюта базарына чыкты. 

Декабрда Кыргызстандын алтын-валюта резерви 14,7 млн. доллардан кол жууду
Бул Улуттук банктын декабрь айында базарга чыккан онунчу аракети. Айдын башынан бери 20 миллион 650 миң доллар сатылганы банктын сайтына жарыяланган. Ал эми ноябрь айында финансылык мекеме болгону беш ирет интервенцияга чыккан.

Үстүбүздөгү жыл жаңыргандан бери Улуттук банк 34 ирет интервенцияга чыгып, анын 29 учурунда доллар сатса, бешөөндө сатып алган. Жалпы жонунан 314,4 миллион доллар сатса, 43 миллион 950 миң доллар сатып алган.

Интервенция жүргүзүү үчүн Улуттук банк эл аралык валюта резервин колдонуп келет. Быйылкы жылдын 1-ноябрына карата ал 1 миллиард 737 миллион долларды түзгөнү белгилүү. Жыл башынан бери сом долларга карата 26,7 пайызга арзандап кеткен. Ноябрдын аягынан бери доллардын куну 75,9 сом чегинде турат. 

Курс доллара за год — с 26 ноября 2014 года по 26 ноября 2015-го
Курс доллара за год — с 26 ноября 2014 года по 26 ноября 2015-го - Sputnik Кыргызстан
Курс доллара за год — с 26 ноября 2014 года по 26 ноября 2015-го

Жаңылыктар түрмөгү
0