Кийинки жылга жеңилдетилген насыя үчүн 4 млрд. сом каралды

Жазылуу
Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн бериле турган насыя тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында белгилүү болду.

БИШКЕК, 18-дек. — Sputnik. Эмдиги жылы айыл чарба тармагына 10 пайыздык жеңилдетилген насыя берүүгө 4 миллиард сомдун тегерегинде каражат карала турганы Жогорку Кеңештин расмий сайтында жарыяланган. 

Премьер министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: үрөндүн ордуна дыйкандарга насыя берүү керек
Кечээ парламент өлкөнүн 2016-жылга карата республикалык бюджетин жана 2017-2018-жылдарга божомолун карап, ага биринчи вице-премьер Аалы Карашев баштаган өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери катышты.

Өкмөттүн маалыматына караганда 2016-жылдагы мамлекеттик бюджеттин жалпы кирешеси 141 миллиард 433 миллион сом, ал эми жалпы чыгашасы 163 миллиард 886 миллион сом өлчөмүндө белгиленүүдө. Республикалык бюджеттин жалпы кирешеси 124 миллиард 399 миллион сом болсо, жалпы чыгашасы 146 миллиард 853 миллион сом өлчөмүндө каралды.

"2016-жылы республикалык бюджеттин тартыштыгы 22 миллиард 453 миллион сом деӊгээлине чыгат. Бул ички дүӊ өнүмгө карата 4,5 пайызды түзөт. Азыр бюджет таӊсыктыгын жабуунун ички булактар боюнча 8 миллиард 588 миллион сом көлөмүндө терс сальдо, тышкы булактар боюнча 31 миллиард 42 миллион сом өлчөмүндө оӊ сальдо каралган", — деди каржы министри Адылбек Касымалиев.

Банк кызматкери кардар менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-орус өнүктүрүү фондусунан атынан насыя берүүгө дагы бир банк талапкер болууда
Талкууда депутат Алтынбек Сулайманов колдо бар каражат менен бюджет түзүүгө мезгил жеткендигин белгилесе, малдын башын идентификациялоону жүргүзмөйүнчө айыл чарбадан өлкөнүн экономикасына оң таасир болбостугун айткан депутат Мирлан Бакиров өкмөттү идентификациялоону тездетүүгө чакырды.

Ошону менен катар келерки жылы айыл чарбасына 10 пайыздык жеңилдетилген насыяга 4 миллиард сомдун тегерегиндеги каражат берүү пландаштырылганы такталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0