Панкратов: Казакстандын 100 млн. доллары ЕАЭБ боюнча милдеттемелерди аткарууга керек

Жазылуу
Жүз миллион доллар каралган жардамдын шарттары Кыргызстандын чиновниктерди таң калтырды.

БИШКЕК, 12-дек. — Sputnik. Казакстан тарабынан убадаланган 100 миллион доллар ЕАЭБ боюнча милдеттемелерди аткарууга керек экенин Sputnik агенттигине вице-премьер Олег Панкратов түшүндүрүп берди.

Чек ара кызматы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз-казак чек арасындагы тосмодон аттагандар кармалды
Буга чейин казакстандык маалымат каражаттары улуттук экономика министри Ерболат Досаев Казакстан убадалаган акчасын Кыргызстанга бөлүп бере турганын, бирок Кыргызстан өз кезегинде ЕАЭБ алдындагы милдеттемелерин аткарышы керек экенин билдирди деп жазып чыгышкан.

Панкратов жалпы рынокту коргоо үчүн бир катар иш-чараларды аткаруу зарылдыгын, негизинен чек арадагы өткөрүү пункттарын кайра жабдуу, ветеринария жаатын жолго коюу сыяктуу аракеттерди жасашы керектигин билдирди. Бул пландарды жүзөгө ашыруу үчүн Россия жана Казакстан менен келишим түзүлгөн. Россия 200 миллион доллар өлчөмүндөгү каражатты этап менен бөлө баштаганын, ал эми Казакстандан келчү жардамдын көлөмү 100 миллион долларды түзө турганын белгиледи.

"Казакстан менен кайсы иш-чараларды алар өздөрү аткара турганы боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн. Мисалы, ветеринария тармагын алалы. Бул милдеттемелерибизди аткарууга чоң өбөлгө болмок. Бирок эгер коюлган милдеттемелерди аткарсак, жардамдын деле кереги жок болот", — деди вице-премьер.

Атка минер эгер каражат милдеттемелерди аткаргандан кийин бөлүнө турган болсо жардамдын форматы өзгөрө турганын кошумчалады. 

Кыргызстандын Экономика министрлиги казак министринин билдирүүсүн таң калуу менен кабыл алышкан. 

"Бул жол картасында жазылган иш-чараларга байланыштуу болсо керек. Бирок анын айрым бөлүктөрүн биз аткарганбыз, ошон үчүн биримдикке мүчө болгонбуз. Калганын уюмга киргенден кийин бүткөрүү сүйлөшүлгөн", — дейт экономика жана өнөр жай министринин орун басары Кылычбек Жакыпов.

Кыргызстан ЕАЭБге үстүбүздөгү жылдын 12-августунан тарта толук кандуу мүчө болгон. Буга байланыштуу кыргыз-казак чек арасында бардык бажы процедуралары жоюлган.

Жаңылыктар түрмөгү
0