БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Он бир айдын жыйынтыгы менен жаңы ишканаларды ишке киргизип, жумушчу орундарды түзүү боюнча Жалал-Абад облусу биринчи орунга чыкканын Экономика жана өнөр жай министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган аймакта 130 ишкана ачылып, 2190 жергиликтүү тургунду жумуш менен камсыз кылынган.
Жыл башынан бери Нарын облусунда 87 ишкана ачылып, 366 жумушчу орун түзүлсө, Таласта 67 компания ачылып, 266 адам иш менен камсыз болгон. Ысык Көлдө 65 ишкана ишке кирип, 636 тургун жумушка чыккан. Баткенде 77 ишкана ачылып, 554 жашоочу иштей баштаган. Ош облусунда 63 компания ишке киргизилип, анда 530 адам иштөөгө мүмкүнчүлүк алган. Бишкек шаарында жыл башынан бери 28 ишкана ачылып, 768 адамды жумуш менен камсыз кылган.
Жалпы жонунан январь айынан тарта Кыргызстанда 601 ишкана ачылып, 9256 адамдын жаңы жумушта иштөөсүнө шарт түзүлгөн.