Сариев: үрөндүн ордуна дыйкандарга насыя берүү керек

© Sputnik / Табылды КадырбековПремьер министр Темир Сариев. Архив
Премьер министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрди кабыл алуу учурунда Сариев тамчылатып сугаруу ыкмасы менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү аянттарды кеңейтүү керектигин белгиледи.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Жыл аягына чейин айыл чарбада тармактык ассоциациялар түзүлө турганын премьер-министр Темир Сариев айыл чарба жана мелиорация министри Турданазир Бекбоевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы айдоо жана үрөн берүүнүн тартибин өзгөртүүнү тапшырып, үрөндүн ордуна дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү керектигин айтты.

"Мында үрөн чарбалары аккредитациядан өтүүсү зарыл. Жыл аягына чейин министрлик тармактык ассоциация түзүүнү аякташы керек. Мындай аракет өкмөткө ар бир тармактагы көйгөйлөрдү чечүүгө жардам берет", — деди Сариев.

Мындан тышкары, өкмөт башчы министрге сүттүн баасына байланышкан маселени карап чыгууну тапшырды. Анын айтымында, өндүрүүчүлөрдөн дээрлик 10 сомдон сатып алынган сүттүн чекене баасы учурда бир канча эсе жогору болууда.

Жолугушууда Сариев тамчылатып сугаруу ыкмасы менен айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүчү аянттарды кеңейтүү керектигин белгиледи.

"Эмдиги жылы Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 260 күнөскана менен 10 логистикалык борбор ачылат. Мындан тышкары, республика боюнча мал соючу касапканалар иштей баштайт", — деди премьер-министр. 

Сариев бул аракеттерге өкмөт 5 жылдык мөөнөт менен 15 миллиард сом сарптай турганын белгиледи. 

Жаңылыктар түрмөгү
0