Ноябрда Кыргызстан бюджеттен 8,7 миллиард сом сарптаган

Жазылуу
Каражаттын басымдуу бөлүгү айлык акыга жумшалды.

БИШКЕК, 8-дек. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында республикалык бюджеттин жалпы чыгымы 8 миллиард 735 миллион сомду түзгөнүн Каржы министрлиги билдирди.

Каржы министри президентке жүргүзүлүп жаткан бюджеттик саясат тууралуу маалымат берди
Маалыматка ылайык, аталган сумманын 2 миллиард 182 миллион сому айлык акыга сарпталса, социалдык жөлөк пулга 1 миллиард 301 миллион сом бөлүнгөн. Мындан тышкары, калкка 617 миллион сомдук социалдык жардам каралса, "Имараттар жана курулуштар" беренесине 908 миллион сом жумшалган. 

Министрлик калган каражат мамлекеттик карызды тейлөөгө, ошондой эле корголгон жана корголбогон беренелерге жумшалганын белгилейт.

Ал эми декабрь айына карата жалпы ресурстан куралган республикалык бюджет 18 миллиард 975 миллион сом болору пландаштырылууда. 

Жаңылыктар түрмөгү
0