Белорусс тракторлорунун теңинен көбү кыргызстандык радиаторлор менен жабдылган

© Sputnik / Дмитрий Коробейников / Медиабанкка өтүүТрактор. Архив
Трактор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчи Денисенко эки мамлекет бири-бирин эл аралык аренада колдоп, биргелешкен долбоорлорду ишке ашырып келе жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Белорус тракторлорунун 60 пайызы Кыргызстандан чыккан радиаторлор менен жабдылганын аталган өлкөнүн КРдеги элчиси Виктор Денисенко билдирди.

Ишенаалы Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин "Евразиялыктар — жаңы толкун" фонду "ЕАЭБ мамлекеттеринин маданият фестивалы" аттуу ЖОЖдор аралык сынак өткөрдү.

Өз сөзүндө элчи ЕАЭБ мамлекеттерин тарых бириктирип келерин белгиледи.

"Минскиде Михаил Васильевич Фрунзенин урматына аталган Фрунзе району бар. Мындан тышкары, бир көчө Ысык-Көлдө төрөлүп, 1944-жылы Белоруссияны бошоткону үчүн Советтер Союзунун баатыры наамына ээ болгон Жумаш Асаналиевдин асымы ыйгарылган", — деди Денисенко.

Элчи эки мамлекеттин экономикалык карым-катнашына кенен токтолуп, өлкөнүн негизги бренди — "Белорусь" тракторлору экенин белгиледи.

"Бүгүнкү күндө тракторлордогу радиаторлордун 60 пайызы Кыргызстандын "Автомаш – радиатор" заводунан келет. Андан кийин белорусс тракторлору дүйнөнүн 110 өлкөсүнө тарайт. Демек, ал жакка да кыргызстандык продукция жетүүдө. Бул кооперативдик өнүгүүнүн айкын мисалы, эки мамлекет муктаж болуп турган нерсе", — деди ал.

Денисенко өлкөлөр бири-бирин эл аралык аренада колдоп келерин кошумчалап, ЕАЭБ мамлекеттери тарабынан иштелип чыккан долбоорлордун баары — келечектин иши экенин айтып өттү.

Фестивалга Бишкектин беш жогорку окуу жайы катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0