Ноябрда Кыргызстандын чыгашасы 2,76 миллиард сомго көп болот

Жазылуу
Мамлекеттик бюджеттин финансылык планы боюнча ноябрь айынын чыгымы 8,6 миллиард сомдун чегинде бекитилген.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Ноябрь айында бюджеттин кошумча чыгашасынын жалпы көлөмү 2 миллиард 76,3 миллион сомду түзөрүн Каржы министрлиги билдирди.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Октябрга карата жалпы киреше 8,7 миллиард сом болот деп болжонууда
Финансылык эмес актив боюнча чыгаша 988,8 миллион сомду түзсө, анын 789,6 миллиону "Имараттар жана курулуштар" беренесине, 196,3 миллиону "Машиналар жана жабдуулар" беренси боюнча жана калган негизги фонддор боюнча 2,8 миллион сом жумшалмакчы.

Табигый кырсыктардын кесепетин жоюуга нормадан сырткары 50 миллион сом бөлүнөт.

Министрлик жана башка мекемелер аркылуу каржылануучу чыгымдарга 846,8 миллион сом бөлүү каралган.

Ал эми мамлекеттик бюджеттин финансылык планы боюнча ноябрь айынын чыгымы 8,6 миллиард сомдун чегинде бекитилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0