Эл коруктагы мөмө-жемиштерди терип, чөбүн чаап алыш үчүн мыйзамга өзгөртүү керек болууда

© Sputnik / Александр Кондратюк / Медиабанкка өтүүКомбайнер. Архив
Комбайнер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коруктарда аймакташ жашаган эл менен корук жетекчилигинин ортосунда ар дайым пикир келишпестиктер жаралып келет.

БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Депутаттар коруктардагы мөмө-жемиштердин эл терип, жыйнап алышы үчүн өзгөчө корголуудагы жерлер боюнча мыйзамга толуктоо киргизүүнү карап жатышат. Бул маселе Жогорку Кеңештин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитетинин жыйынында талкууланды. 

Папка. Архив - Sputnik Кыргызстан
Корук кызматкерлерине корчоңдоп, өзүм билемдик кылган командирге иш козголду
Учурдагы мыйзам корук жайларга канатташ жашаган элге чөбүн чаап алууга мыйзам жол бербейт экен. 

Андыктан мыйзамга өзгөртүү киргизип жаткан демилгечилердин бири Мирлан Бакировдун айтымында, аракеттеги мыйзамда өзөктүк зонаны коруктун жалпы аянтынын 75 пайыздан кем эмес бөлүгү ээлеш керек деп белгиленген. Бирок иш жүзүндө иштеп жаткан мамлекеттик жаратылыш коруктарынын жана парктардын өзөк зонасы баарында эле бул көлөмдү түзө бербейт. Буга ал Сары-Челек, Падыша-Ата, Нарын мамлекеттик коруктарын атады. 

Андыктан, бул коруктарда аймакташ жашаган эл менен корук жетекчилигинин ортосунда ар дайым пикир келишпестиктер жаралып келет. 

"Жергиликтүү элдин корук аймагындагы мөмө-жемиштерди терип, чөбүн чаап алышына мыйзам жол бербейт. Андыктан, сунушталган мыйзам долбоору менен иштеп жаткан мыйзамдагы Улуттук илимдер академиясынын корутундусу боюнча белгиленүүчү мамлекеттик жаратылыш коругунун жалпы аянтынын 75 пайыздан кем эмес болбошу керек деген ченемди 50 пайыз деп өзгөртүү сунушталууда",— деди Бакиров.

Эгер толуктоолор киргизилип калса, жергиликтүү элге 50 пайыздык өзөк зонадан сырткаркы аймактагы мөмө-жемиштерди терип, чөбүн чабууга уруксат берилмекчи.

Жаңылыктар түрмөгү
0