Вице-премьер: мамлекет менчигиндеги ишканалар текшерүүдөн өтөт

Жазылуу
Панкратов Улуттук холдинг компаниясын түзүү мамлекеттик мүлктү башкаруунун натыйжалуулугун арттырарын белгиледи.

БИШКЕК, 20-ноя. — Sputnik. Өлкө менчигиндеги жана мамлекет энчилеш болгон ишкана менен акционердик коомдор инвентаризациялана турганын вице-премьер Олег Панкратов Улуттук холдинг компаниясын түзүүгө арналган жыйында билдирди.

Анын айтымында, аталган холдингдин түзүлүшү менен мамлекеттик менчикти башкаруунун натыйжалуулугу артат. 

"Мындан улам өлкө менчигиндеги жана мамлекет энчилеш болгон ишкана менен акционердик коомдор инвентаризация жүргүзүлөт. Бул компаниялар кагаз жүзүндө эле иштебей, мамлекеттин казынасына да пайда алып келиши керек", — деди вице-премьер.

Панкратов учурда холдинг компаниясын түзүү боюнча укуктук маселелерин чечип, структура менен башкаруу системасын белгиленген мөөнөттө иштеп чыгуу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0