БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жакын арада эреже бузууларды каттоого алган бирдиктүү система пайда болот. Мындай автоматташтырылган системанын иштешин ИИМ жетекчиси Мелис Турганбаевдин Молдовага болгон иш сапарынын учурунда кесиптеши Олег Балан көрсөттү.
Мындан тышкары, Молдова тараптан бекер берилүүчү платформа Кыргызстандын Ички иштер министрлигиндеги маалымат базаны системалаштыруу процессин автоматташтыруу, көзөмөлдөө жана жол эрежесинин бузууларды каттоо үчүн пайдаланылат.
"Аталган система иш кагаздары менен байланышкан бир катар функциялардын ишке ашуусуна шарт түзөт. Андан сырткары, Бишкек шаарынын көчөлөрүндөгү видеокөзөмөлдүн иштөөсүн камсыздайт. Жол эрежесинин бузулушу боюнча административдик протокол түзүү мүмкүнчүлүгү да каралган", — деп айтылат билдирүүдө.
Молдова мамлекетинен чыккан платформанын наркы 500 миң долларды түзөт. Министрлердин сүйлөшүүсүнүн аркасында аталган жабдуу Кыргызстанга бекер берилүүдө.
Эки тараптын жолугушуусунда Турганбаев менен Балан коопсуздукту камсыздоо, трансулуттук кылмыштуулукка, диний экстремизмге жана терроризмге каршы аракеттер талкууланды.