Сариев Дүйнөлүк банкка Кыргызстандын шартын эске алууну сунуштады

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүДүйнөлүк банк менен кызматташкан мамлекеттеринин желектери. Архив
Дүйнөлүк банк менен кызматташкан мамлекеттеринин желектери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчы учурда инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экономикалык реформаларды улантып жатканын белгиледи.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда салыктык отчет жана төлөмдөрдүн саны үч эсеге азайганын премьер-министр Темир Сариев Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия аймагы боюнча вице-президенти Сирил Муллер баштаган делегация менен жолугушуу учурунда билдирди. 

Өкмөт башчы Дүйнөлүк банк менен Кыргызстандын ортосунда ишенимге негизделген кызматташтык бар экенин белгиледи.

"Өкмөт инвестициялык климатты жакшыртуу боюнча экономикалык реформаларды улантууда. Учурда ишкерлерге шартты жакшыртуу боюнча чечкиндүү чаралар иштелип, салыктык отчет жана төлөмдөрдүн саны үч эсеге азайды. Коррупция менен чечиндүү күрөш уланууда. Бул жаатта бизнес жүргүзүүнүн жеңилдиги боюнча Doing Business рейтингинде 2015-жылы Кыргызстан 189 өлкөнүн ичинен 67-орунду ээледи", — деди Сариев.

Жолугушууда премьер-министр алдыдагы үч жылга карай Өнөктөштүк Стратегиясын иштеп чыгууда Дүйнөлүк банкка Кыргызстандын шартын эске алуусун сунуштады.

Өз кезегинде вице-президент Сирил Муллер Кыргызстан менен кызматташтыкты улантууга кызыкдар экенин белгилеп, айтылган сунуштар боюнча иш жүргүзөрүн билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0