Кыргызстанда интервенция доллардын өсүшүн токтото албай жатат

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүАКШ доллары. Архив
АКШ доллары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Америкалык валютанын өсүү курсун жайлатуу үчүн Улуттук банк жалпы суммасы 46,1 миллион доллардык үч интервенция жасады.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Доллардын расмий курсу 71,9 сомго чыкты. Бейшемби күнү бул көрсөткүч 71,54 сомдун чегинде болчу. 

Доллар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк бекиткен доллардын курсу рекорд койду
Улуттук банк үч жуманын ичинде сомдун курсун кармап туруу үчүн үч ирет интервенция жүргүздү. 5-ноябрь күнү башкы каржы мекеме си10,15 миллион, эртеси 21,75 миллион долларды рынокко алып чыккан. 14,2 миллион долларлык акыркы интервенция бейшемби күнү жасалды.

Акыркы жети күндүн ичинде доллар 2 сом 15 тыйынга же үч пайызга өстү. 

Доллардын базар баасы расмий курстан айырмаланып турат. Шаардын акча алмаштыруучу жайларында аны 72,19 сомдон 72,30 сомго чейин сатышууда. Айрым жайлар эртең менен долларды 72,9 сомдон сатканы белгилүү.

Экономист Кеңешбек Алимбековдун айтымында, америкалык валюта Кыргызстанда сомдун агымы кыскарганынан улам өсүүдө.

"Кыргызстан импорт жагынан көз каранды мамлекет, бардыгын доллар менен сатып алабыз. Бул доллардын өлкөдөн чыгуусун шарттайт. Натыйжада чет элдик валютанын таңсыктыгы жаралат. Мындан тышкары, улуттук валютанын арзандашына тышкы факторлор да таасир этүүдө", — дейт ал.

Кыргызстан башка мамлекеттердин экономикасы үчүн ачык өлкө болгондуктан, алардын олку-солкулугу да улуттук экономиканын абалына таасирин тийгизет.

"Азыркыдан да арзандап кетиши мүмкүн болгон нефть негизги өнөктөшүбүз Россия болгондуктан, улуттук валюта үчүн жагымсыз шарттарды түзүүдө. Учурда дүйнөдө күчтүү дүйнөлүк экономикалар дал ушул нефть акчасы аркылуу Россияны алсыздандырууга аракет кылып жатышат. Араб өлкөлөр чийки нефтинин баасын 10 долларга чейин төмөндөтүп жибериши мүмкүн. Мындан биздин сом учурдагыдан да көбүрөөк запкы көрүшү толук ыктымал", — деди Алимбеков.

Экономисттин божомолунда жыл аягына чейин доллардын курсу 80-85 сомго чейин көтөрүлөт.

Бир жумадагы доллардын курсу
Бир жумадагы доллардын курсу - Sputnik Кыргызстан
Бир жумадагы доллардын курсу

Жаңылыктар түрмөгү
0