Хабаровск крайы Кыргызстандын жашылча-жемишин алууга кызыкдар

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүХабаровск. Архив
Хабаровск. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда министр Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын жогорку сапатына баа берип, Хабаровск эли капуста, пияз, алма, алча сыяктуу жашылча-жемишке муктаж экенин белдирди.

БИШКЕК, 13-ноя. — Sputnik. Россиянын Хабаровск крайы Кыргызстандын жашылча-жемишин алууга кызыкдар. Бул тууралуу Кыргызстандын аталган аймактагы ардактуу консулу Кадырбек Мырзабаевдин демилгеси менен айыл чарба өндүрүшү боюнча министр Александр Купряков менен болгон жолугушуу учурунда белгилүү болду.

Москвада кыргыз азык-түлүгү сатылууда
Иш-чарада Купряков Кыргызстанда өндүрүлгөн продукциянын жогорку сапатына баа берип, Хабаровск эли капуста, пияз, алма, алча сыяктуу жашылча-жемишке муктаж экенин белдирди. 

Өз кезегинде Мырзабаев Кыргызстан дал ушул продукция менен жетиштүү көлөмдө камсыз кылууга жөндөмдүү экенин белгиледи.

Сүйлөшүүлөрдүн соңунда аталган министрлик кыргыз тарап менен жигердүү иш алып бармай болду. 

Жаңылыктар түрмөгү
0