Кыргызстан өнөр жай продукциясын көп өндүрө баштады

Жазылуу
Өткөн жылкыга салыштырмалуу текстиль, кийим-кече, электр жабдууларын жана минералдык продуктулардын өндүрүшү тескерисинче, азайып кеткен.

БИШКЕК, 12-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда жыл башынан бери 140,6 миллиард сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, жалпы өндүрүш 8,2 пайызга жогорулаган. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Маалыматка ылайык, январь-октябрь айларынын аралыгында баалуу металл, кен жана мунай зат продукциясын өндүрүүдө бир топ алга жылуулар байкалган. Мекеме "Кумтөр" кенин кошпогондо өндүрүштүн көлөмү 0,8 пайызга өскөнүн белгилейт.

Ал эми өткөн жылкыга салыштырмалуу текстиль, кийим-кече, электр жабдууларын жана башка минералдык продуктулардын өндүрүшү тескерисинче, азайып кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0