Улуттук банк бекиткен доллардын курсу рекорд койду

Жазылуу
"Америкалыктын" расмий курсу былтыркы 11-ноябрдан бери 23 пайызга жогорулаган.

БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук валютасынын тарыхында биринчи жолу доллардын расмий курсу 71 сомго чыкты.

Мындан улам "америкалыктын" расмий курсу былтыркы 11-ноябрдан бери 23 пайызга жогорулаган.

Бишкектин акча алмаштыруучу жайлары АКШ валютасын 71 сом 80 тыйындан сатып, 71,5 сомдон сатып алууда.

Рублдин баасы 1,1 сом болуп өзгөрүүсүз калды. Ал эми теңгени учурда 23 тыйындан сатып алууга болот.

Бир жыл ичиндеги доллардын курсу
Бир жыл ичиндеги доллардын курсу - Sputnik Кыргызстан
Бир жыл ичиндеги доллардын курсу

Жаңылыктар түрмөгү
0