Башкыр ишкерлер айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү компанияларды курат

© Sputnik / Тарас Литвиненко / Медиабанкка өтүүТүшүм жыйноо. Архив
Түшүм жыйноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушууда Кыргызстан менен Башкыртстандын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуусу боюнча маселелер талкууга алынды.

БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Башкыр ишкерлеринин кайра иштетүүчү ишканаларды курууга тартуу эки өлкөгө тең пайдалуу болорун вице-премьер Олег Панкратов аталган мамлекеттин премьер-министри Артур Шайнуров менен жолугушуу учурунда билдирди.

Анын айтымында, учурда Кыргызстан менен Башкыртстандын ортосундагы соода-экономикалык жана гуманитардык байланышы динамикалуу өнүгүү жолунда.

"Жакын арада сүйлөшүүлөр иш жүзүнө ашып, анык бир ишке өтө деген ишеним күч. Башкыр ишкерлери үчүн айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча ишканаларды жана ири логистикалык борборлорду куруу тармагы кызыктырышы мүмкүн. Бул пайдалуу жана келечектүү багыт", — деди атка минер.

Шайнуров өз кезегинде башкыр ишкерлери эки тараптуу мамилелердин чыңдалышына кызыкдар экенин, муну менен катар долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин белгилеп өттү. 

"Айыл чарба тармагынан тышкары жүк ташый турган унаа компанияларын түзүү боюнча да сунуштарыбыз бар. Башкыртстан коопсуздук менен экологиянын бардык талаптарына жооп берген заманбап автобустарды чыгаргандыктан, Бишкекте жүргүнчү ташуу менен алектенген ишкана ачуу долбооруна катышууну да караштырып жатабыз", — деди өкмөт башчы.

Жолугушуу соңу менен вице-премьер жана премьер-министр эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнү ишке ашыруу боюнча маселелерди талкуулашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0