Ишкерлер соода көлөмүнүн азайышын түшүндүрүштү

Жазылуу
Соода, импорт менен экспорт көлөмүнүн кыскарышын ишкерлердин биринчи кезекте ЕАЭБ алкагында товар алып кирүүнүн эреже-тартибин билбестиги менен байланыштырышты.

БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда дүң жана чекене сооданын көлөмү азайганына байланыштуу экономика министринин орун басары Данияр Иманалиев Соода-өнөр жай палата, базар ассоциациясы, "Дордой" жана "Кудайберген" рынокторунун өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперт: сомду коргоо үчүн Кытай, Индия, Өзбекстан менен соода кылуу керек
Маалыматка ылайык, жыл башынан бери дүң жана чекене сооданын көлөмү 2,6 жана 4,6 пайызга, ал эми импорт менен экспорттун көлөмү 22 жана 15 пайызга төмөндөгөн. 

Соода тармагынын өкүлдөрү буга бажы көзөмөлүнөн өтүү татаалдыгы себеп экенин айтышты. Ишкерлердин ЕАЭБ мамлекеттерине товар алып келүүдөгү эреже-тартиптерди билбестиги абалды ого бетер курчутууда. Алардын айтымында, бул материалдык зыян алып келип, убакытты да коромжу кылып жатат. 

"Бул тоскоолдуктар товардын өздүк баасын жогорулатып жиберет, мындан жергиликтүү рыноктор жабыр тартууда. Өлкө аймагына товар киргизүү шарттарынын өзгөрүшү майда ишкерлер үчүн оорчулук жаратып жатат. Эгер ал башка ишкерге кошулуп иштесе, бул бажы чек арасында документтерди толтуруу үчүн бир топ убакытты алууда", — дешти ишкерлер.

Дагы бир тоскоолдук катары соодагерлер транспорттук ташууларга болгон бааны белгилешти.

Жолугушуунун жыйынтыгы менен Бажы, Салык, Жол кайгуул кызматтары жана ИИМ өкүлдөрүнүн катышуусу менен дагы бир жыйын өткөрүү пландаштырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0