Сариев: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду долбоорлорду каржылоого өтүшү керек

Жазылуу
Премьер-министр өкмөт жакын арада ипотекалык насыяларды берүүнү, экономиканын структурасын өзгөртүп, экспортко басым жасоо боюнча иш алып барарын белгилеп, мында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ролу жогору болорун кошумчалады.

БИШКЕК, 6-ноя. — Sputnik. Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду маанилүү болгон долбоорлорду кечиктирбестен каржылоого өтүшү керектигин премьер-министр Темир Сариев фонд ишинин башталышына арналган иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, учурда фонд терең ойлонулган саясат жүргүзүшү зарыл.

"Фонд жигердүү иш алпарып, өлкө үчүн маанилүү болгон долбоорлорду кечиктирбестен каржылоого өтүшү керек. Бул жаатта бизнес коомчулук да активдүү катышып, өз долбоорлорун сунушташы зарыл. Жаңы шайланган өкмөт фонд менен тыгыз кызматташат", — деди Сариев.

Президент Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев: Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду фермерлерге арзан насыя берүү боюнча иштөөсү зарыл
Премьер-министр өкмөт жакын арада ипотекалык насыяларды берүүнү, экономиканын структурасын өзгөртүп, экспортко басым жасоо боюнча иш алып барарын белгилеп, мында Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун ролу жогору болорун кошумчалады.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун башкармалыгынын төрайымы Нурсулу Ахмедова фонд түздөн-түз каржылай турган алгачкы долбоорду аныктаганын кабарлап, мындан соң бул багытта активдүү иш уланарын убада кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0