Япония 25 млн. доллар кайтарымсыз грант менен 355 жол-тейлөө техникасын берди

Жазылуу
КР өкмөт башчысы 25 миллион доллар каражатка жол-тейлөө техникаларын бөлүп бергени үчүн Япониянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

БИШКЕК, 1-ноя. — Sputnik. Премьер-министринин милдетин аткаруучу Темир Сариев Япониянын өкмөтү бөлгөн гранттын негизде алынган жол тейлөө техникаларын тапшыруу аземине катышты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Сариев 25 миллион доллар каражатка жол-тейлөө техникаларын бөлүп бергени үчүн Япониянын өкмөтүнө ыраазычылык билдирди.

"Буга чейин Япониянын көмөгү менен "Манас" аэропортун реконструкциялап, эл аралык стандартка ылайыкташтыруу жана "Бишкек – Ош жолун" оңдоо ишке ашырылган эле. Япониянын Өкмөтү мындай жардамды улантып 25 миллион доллар кайтарымсыз грант бөлүү менен 355 жол-тейлөө техника берилип жатат", — деди Сариев.

Темир Сариевдин маалыматы боюнча 2015-жылы жолдорду куруу жана оңдоого республикалык бюджеттен 3,7 миллард сом бөлүнгөн. Анын 1 миллиард сому өлкө аймактарындагы ички жолдорду оңдоого берилди.

"Учурда өлкө үчүн абдан чоң мааниси бар түндүк-түштүк альтернативдик жолу курулуп, 2017-жылы бүткөрүү пландалууда. Бул тарыхый мааниге жол. Анын бүтүшү менен өлкөдө ички жол шакекчеси пайда болот”, – деди өкмөт башчы.

Транспорт жана коммуникациялар министрлигин маалыматы боюнча, Япониянын грантынын келген жол тейлөө техникалары Ош, Жалал-Абад жана Талас облустарындагы жол тейлөө ишканаларына таркатылып берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0