Акчанын арзандашы унаа сатуучулардын тилегин таш каптырды

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүАвтосалондо турган автоунаалар. Архив
Автосалондо турган автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жыл башындагы баалардын кескин айырмачылыгынан улам соодагерлер абалдан пайдаланып, өлкөнүн ЕАЭБге кошулушунан кийин унаа сатуудан бир топ киреше түшүрүүгө аракет кылышкан.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстандын аймагына алып келинүүчү унаа каражаты үчүн жеңилдиктер сатып алуучуларга ЕАЭБ алкагындагы бирдиктүү бажы тарифинин терс таасирин алдын алуу максатында берилгенин Экономика министрлиги билдирди.

ЕАЭБ өлкөлөрүнөн алып келинген унаа каражаттарын каттоо башталды
Маалыматка ылайык, мындай аракет унааларды Кыргызстандан ЕАЭБ мамлекеттерине кайра сатууга багытталган эмес. Убактылуу жеңилдиктер кыргызстандык рыноктун ЕАЭБ шартына ыңгайлашуусу үчүн каралган.

Жыл башындагы баалардын кескин айырмачылыгынан улам соодагерлер абалдан пайдаланып, өлкөнүн ЕАЭБге кошулушунан кийин унаа сатуудан бир топ киреше түшүрүүгө аракет кылышкан. Бирок россия рубли менен казакстандык теңгенин девальвациясы буга жол берген эмес.

Кыргызстан 12-августтан тарта Евразиялык экономикалык биримдикке толук мүчө болуп кирген. 

ЕАЭБ — 2015-жылдын 1-январынан тарта евразиялык интеграциянын алкагындагы Россия, Казакстан жана Белоруссия кирген Бажы Биримдигинин негизинде түзүлгөн экономикалык биримдик. 

Жаңылыктар түрмөгү
0