Экономикалык каатчылык жана валюта девальвациясы тигүү өндүрүмүн азайтты

Жазылуу
Учурда Кыргызстан түркиялык инвесторлор менен кездеме чыгаруучу ишкана боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын министрлик белгиледи. Тигүү продукциясына басым жасалганы менен кездеме жана керектүү буюмдар чет жерден ташылып келгендиктен, мындай аракет ишкерлер тарабынан жакшы кабыл алынды.

БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Кыргызстанда тигүү өндүрүшүнүн азайышына улуттук валюталардын девальвациясы жана аймактардагы экономикалык каатчылык себеп болгонун Экономика министрлиги билдирди.

Кумтөр компаниясынын кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Статком: өндүрүштүн көлөмү көбөйдү
Мекеменин маалыматы боюнча аталган кыйынчылыктар Кыргызстандын негизги кардары болгон Россия менен Казакстандын сатып алуучулук жөндөмү төмөндөгөн. Мындан улам жыл башынан бери тигүү өндүрүшүнүн көлөмү 27 пайызга азайган. Ал эми былтыркы жылдын аталган мезгилинде бул көрсөткүч 40 пайызды түзгөнү маалым.

Аталган жааттагы ишкерлер экономика министринин милдетин аткаруучу Олег Панкратов менен жолугушуу учурунда, товардын бир килограммы үчүн алына турган бажы төлөмдөрүнүн 0,35 центтен 0,5 центке чейин көтөрүлүшү анча оорчулук жаратпаганын айтышкан. 

Мындан тышкары, түркиялык инвесторлор менен кездеме чыгаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатканы маалымдалды. Тигүү продукциясына басым жасалганы менен кездеме жана керектүү буюмдар чет жерден ташылып келгендиктен, мындай аракет ишкерлер тарабынан жакшы кабыл алынды.

Жаңылыктар түрмөгү
0