БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Акча алмаштыруунун курсун чектөөдө коммерциялык банктар Абдрахманов көчөсүндө жайгашкан акча алмаштыруучу жайлардын маалыматына таяна турганын Улуттук банктын изилдөөсү аныктап чыккан.
Маалыматка ылайык, мындай абал аталган жайлардын акчанын курсуна бир топ таасир тийгизе аларын айгинелейт.
Иликтөө акча алмаштыруучу жайлардын басымдуу бөлүгү маалыматтын 10-20 пайызын гана ачыктай турганын тастыктады. Мында бир күндө лицензиясы бар акча алмаштыруучу бир жайга уруксаты жок иштеген бир пункт туура келери маалым болгон.
Улуттук банк Кыргызстандын аймагында жыл башында расмий түрдө каттоодон өткөн 309 акча алмаштыруу жайлары иштесе, мыйзамсыз иш алып барган 300 пунктту аныктап чыккан.