Кыргызстанда жөлөк пулдун өлчөмү өсүүдө

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүҮйбүлө. Архив
Үйбүлө. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлик каржылоонун көтөрүлүшүн мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмүнүн өсүшү менен түшүндүрдү.

БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. Быйылкы жылдын октябрь айында 599 миллион 576,5 миң сом жөлөк пул төлөнүп, былтыркы  ушул маалга салыштырмалуу 87 миллион сомго ашык көрсөткүчтү түзгөнүн Социалдык өнүктүрүү министрлиги билдирди.

Бишкек базарындагы араба түрткөн бала. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери 1,5 миллиард сомдон ашуун жөлөк пул төлөндү
Маалыматка ылайык, жалпы сумманын 458 миллион 600,8 миң сом жакыр үй-бүлөлөрдүн балдарына жана ден соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга берилген.

Мындан тышкары, 26 миллион 339,8 миң сому кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөк пулга чегерилген. Ал эми 114 миллион 635,9 миң сому компенсация жана жеңилдиктер үчүн каралып, сөөк коюу расмисине жумшалды.

Министрлик каржылоонун көтөрүлүшүн мамлекеттик жөлөк пулдун көлөмүнүн өсүшү менен байланыштырууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0