Каржы министри президентке жүргүзүлүп жаткан бюджеттик саясат тууралуу маалымат берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев аталган мекеменин башчысы Адылбек Касымалиевди кабыл алды
Президент Алмазбек Атамбаев аталган мекеменин башчысы Адылбек Касымалиевди кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Касымалиев өлкө башчысын бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча план менен тааныштырды. Муну менен бирге мамлекеттик акчанын сарптала турган негизги багыттары белгиленди.

БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Каржы министрлиги республикалык бюджетти так аткарып, социалдык милдеттемелерин өз убактысында аткарышы керектигин президент Алмазбек Атамбаев аталган мекеменин башчысы Адылбек Касымалиевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Тыйындар жана көз айнек. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан бюджеттин ачык-айкындыгы боюнча Казакстан менен Түркияны артка калтырды
Жолугушуу учурунда каржы министри үстүбүздөгү жылдын республикалык бюджетинин аткарылышы, 2016-жылга карата финансылык документти даярдоо долбоору жана жүргүзүлүп жаткан бюджеттик саясат тууралуу маалымат берди. 

Мындан тышкары, Касымалиев өлкө башчысын бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышы боюнча план менен тааныштырды. Муну менен бирге мамлекеттик акчанын сарптала турган негизги багыттары белгиленди. 

Президент республикалык бюджеттин тең салмактуулугун сактоо жана социалдык милдеттемелердин туруктуу аткарылышын талап кылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0