БИШКЕК, 16-окт. — Sputnik. Кыргызстанда бүгүнкү күнү бир эле дары ар түрдүү баа менен сатылып жатышы көйгөйлүү маселе экенин премьер-министр Темир Сариев өкмөттүн жумушчу жыйынында билдирди.
Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев учурда дары-дармек тармагындагы абалды жөнгө салуу жана контрафакттык дары-дармектерди иретке келтирүү максатында атайын улуттук маалыматтык база түзүү зарылдыгын билдирди.
Премьер-министр Сариев буга чейин дары-дармекти жөнгө салуу боюнча үч программа иштелип чыкканына карабай тармакта бир катар көйгөйлөр бар экенин белгиледи.
Анын айтымында, эффективдүү, таза жана жеткиликтүү дары-дармек менен камсыздоо маселеси толугу менен чечилген эмес.
"Айрым дарыгерлердин арасында дары-дармектертерди жөнсүз дайындоо практикасы кеңири тараган. Калктын дарыларды өз алдынча көп жана көзөмөлсүз керектөөсү, эң негизгиси — бир эле дарынын ар башка баа менен сатылышы бүгүн чоң маселеге айланды", — деди Сариев.
Жыйын жүрүшүндө аталган концепция боюнча өкмөт мүчөлөрү, эксперттердин сунуштары жана ой-пикирлери угулду.
Натыйжада аталган концепция кабыл алынып, бир айлык мөөнөт ичинде аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планын иштеп чыгуу Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылды.