Улуттук банк акча алмаштыруу жайлары кирешесин жасалма азайтып жатканын белгилейт

© Sputnik / Екатерина МихайловаАкча алмаштыруучу жай. Архив
Акча алмаштыруучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук банктын иликтөөсү өткөн жылы бюджетке төлөнгөн салыктардын (милдеттүү патент) өлчөмү 36,6 миллион сом түзүшү керектигин маалымдайт. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсү боюнча акча алмаштыруу жайларынан түшкөн салыктын көлөмү болгону 24,4 миллион сомдун түзгөн.

БИШКЕК, 12-окт. — Sputnik. Кыргызстанда 2014-жылы акча алмаштыруу жайларынын жүгүртүүсү 97 миллиард сомду түзгөнүн Улуттук банк билдирди.

Улуттук банк. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк: насыя карызын кайтарууда нарындыктар алдыга чыкты
Бишкек шаарындагы лицензиясы бар акча алмаштыруу жайларын башкы банктын экономикалык иликтөө борбору тарабынан изилдөөгө алынган.

Анын натыйжасында лицензияланган акча алмаштыруу жайлары чет элдик валютаны сатуунун көлөмүн жана чыныгы кирешесин жаап-жашырганы белгилүү болду.

Улуттук банк рынок мыйзамдарына ылайык, бардык коммерциялык ишканалар кирешелүү болушу керектигин, болбосо ишмердүүлүгүн токтотушу керектигин белгилейт.

"Иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, 243 акча алмаштыруу жайларынын 41и 2013-жылы, ал эми дагы 96сы былтыр эле жабылышы керек болчу. Бирок, алар ишмердүүлүгүн улантышууда. Бул отчеттук маалыматтардын туура эмес берилишинен жана кирешени жасалма азайтуудан улам келип чыгууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан тышкары, бир катар акча алмаштыруу жайлары кассалык тартипти сактабай, текшерүүгө тоскоолдук жаратып келет. Иликтөөнүн жыйынтыгы айрым жайларда кайда келгени белгисиз эсеби алынбаган нак акча табылган. 

"Бир сөз менен айтканда акча алмаштыруу жайларында көмүскө соода бар", — дейт Улуттук банк.

Алтын слиткасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Улуттук банк акчаны алтын түрүндө сактоону сунуштайт
2014-жылы Кыргызстандагы акча алмаштыруу жайларындагы акча жүгүртүүнүн көлөмү 97 миллиард сомду түзгөн. Улуттук банктын иликтөөсү өткөн жылы бюджетке төлөнгөн салыктардын (милдеттүү патент) өлчөмү 36,6 миллион сом түзүшү керектигин маалымдайт. Ал эми Мамлекеттик каттоо кызматынын билдирүүсү боюнча акча алмаштыруу жайларынан түшкөн салыктын көлөмү болгону 24,4 миллион сомдун түзгөн.

Улуттук банк иликтөө маалында "Альянс" акча алмаштыруу жайларынын ассоциациясы банк менен иштешүүгө макулдугун бербегенин баса белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0