Таласта көмүрдүн тоннасы 4200-4700 сомдон сатылууда

© Азамат АйтбаевТабылган көмүр. Архив
Табылган көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аймактагы мамлекеттик ишканаларына жалпы жонунан 10 миң 605 тонна көмүр ташылып келди.

БИШКЕК, 9-окт. — Sputnik. Талас облусунда көмүрдүн бир тоннасы 4200 сомдон 4700 сомго чейин сатылып жатканын кыргыз өкмөтүнүн аталган аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Таластын мамлекеттик ишканаларына жалпы жонунан 10 миң 605 тонна көмүр ташылып келди.

Мында бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыз кылуу үчүн көмүр даярдоочу базаларга республикалык жана жергиликтүү бюджеттерден бүгүнкү күнгө чейин 4 миллион 801,9 миң сом акча каражаты которулган.

Жаңылыктар түрмөгү
0