Күйүүчү майды алып келүүдө акциздик салык арзандайт

© AFP / PHILIPPE HUGUENМай куйуучу жай. Архив
Май куйуучу жай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда нефтетрейдерлер бир тонна күйүүчү жана майлоочу май үчүн беш миң сом өлчөмүндө акциздик салык төлөйт.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Күйүүчү жана майлоочу майды ташып келүүдө акциздик салыкты азайтуу боюнча маселени өкмөт карап жатат. Мындай кадам Кыргызстан менен Казакстандагы баа айырмачылыгын жөнгө салуу үчүн жасалууда. Бул тууралуу экономика министри Олег Панкратов маалымат жыйында билдирди.

Учурда бир тонна күйүүчү майга болгон акциздик салык көлөмү 5 миң сомду түзөт.

Панкратовдун айтымында, өкмөт акциздик салыктын баасын 2 миң сомго чейин төмөндөтүүнү пландап жатат.

"Өкмөт коллегиялык түрдө акциздик салыктын баасын 3 миң сомго чейин төмөндөтүүнү талкуулап жатат. Балким бул убактылуу көрүнүш болушу мүмкүн, туруктуу негизде калышы да ыктымал", — деди ал.

Акциздик салык 2015-жылдын 1-июнунан тарта кымбаттаган. Кыргызстанда 40ка жакын компания күйүүчү жана майлоочу май ташып иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0