Швейцария Ат-Башы ГЭСин реабилитациялоого жардам берет

© Айнура Дуйшок кызы Кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Швейцариянын элчиси Рене Холенштайн менен жолукту.
Кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Швейцариянын элчиси Рене Холенштайн менен жолукту. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элчинин айтымында, учурда жергиликтүү калкты ичүүчү суу менен камсыздоо жана Нарын шаарындагы канализация системасын оңдоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 6 миллион 200 миң евро бөлүнгөн.

БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Нарындагы Ат-Башы ГЭСинин оңдолушунан кийин анын кубаттуулугу 10 пайызга жогорулай турганы кыргыз өкмөтүнүн аталган облусундагы өкүлүнүн Швейцариянын элчиси менен жолугушуусунда белгилүү болду.

Маалыматка ылайык, кыргыз өкмөтүнүн Нарын облусундагы өкүлү Аманбай Кайыпов Швейцариянын элчиси Рене Холенштайн менен жолукту.

Жолугушуу учурунда элчи Нарын облусу боюнча долбоорлордун ишке ашырылышы тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда аталган аймакта калкты таза суу менен камсыз кылуу жана саламаттык сактоо жаатында бир катар аракеттер көрүлүүдө. 

"Ичүүчү суу менен камсыздоо жана Нарын шаарындагы канализация системасын оңдоого Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы тарабынан 6 миллион 200 миң евро бөлүнгөн. Анын 4 миллион 200 миңи гранттык негизде болсо, калганы кредитке берилди. Реабилитация иштеринен кийин Ат-Башы ГЭСинин кубаттуулугу 10 пайызга жогорулайт", — деди элчи.

Алтын слиткалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын товарларын сатып алган алдыңкы беш өлкө
Холенштайн Нарынга Ат-Башы районундагы жаш дарыгерлер үчүн курулган жатакананын ачылышына катышуу үчүн келгенин белгиледи. Маалыматка ылайык, имараттын капиталдык ремонт иштери үчүн Швейцария өкмөтү тарабынан үч миллион сом бөлүнгөн.

Жолугушууда элчи менен келген саламаттык сактоо боюнча программалардын улуттук координатору Элвира Мураталиева медицина академиясын бүтүргөн 500-600 ординатордун 10у аймактарга бөлүштүрүлө турганын, жергиликтүү бийлик аларды турак-жай менен камсыздоосу зарыл экенин белгиледи.

Кайыпов жаш адистерди үй менен камсыздоо жаатында жасалып жаткан аракеттерге токтолуп, кызматташуу үчүн ыраазычылык билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0