Диль: ири долбоорлорду ишке ашыруу өлкөнүн электр энергиясына болгон муктаждыгын жоёт

© Sputnik / Михаил Мордасов / Медиабанкка өтүүЭлектр станциясы. Архив
Электр станциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер жаңы салынып жаткан жана салына турган объектилер менен бирге учурда иштеп жаткан гидростанциялар реабилитациялана турганын белгиледи.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бир катар ири долбоорлорду ишке ашыруу жалпы мамлекеттин электр кубатына болгон муктаждыгын жоё турганын вице-премьер Валерий Диль Камбар-Ата-2 ГЭСин жана Шамалды-Сай ишканаларын кыдыруу учурунда билдирди.

Анын айтымында, өкмөт энергетика тармагынын өнүгүшүн дыкат көзөмөлдөп жатат жана электр энергиясына болгон суроо-талап жыл сайын өсүүдө.

"Жогорку Нарын ГЭСтеринин, Камбар-Ата-2 ГЭСинин аяктап, Сары-Жаз дарыясын жана 600 мегаваттык жылуулук станциясы курула турган Кара-Кече көмүр кенин өздөштүрүү, ошону менен катар бир катар кичи жана орто ГЭСтердин курулушу менен мамлекеттин электр энергиясына болгон муктаждыгы аз-аздап жоюлат. Учурдагы гидростанцияларды жаңыланып жатат", — деди вице-премьер.

Диль учурда оңдолуп жаткан Токтогул ГЭСинин артынан дагы бир катар гидростанциялар реаблитациялана турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0