Таш-Көмүрдөгү "Кристалл" заводунун базасында индустриалдык парк түзүлөт

Жазылуу
Вице-премьер жаңы курула турган парк мамлекетке инвестиция тартууга көмөктөш болуп, заводдун ишин үзгүлтүккө учуратпай турганын белгилеп өттү.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Таш-Көмүр шаарында жайгашкан "Кристалл" заводунун базасында индустриалдык парк түзүлө турганын вице-премьер Валерий Диль Жалал-Абад облусуна болгон иш сапары учурунда билдирди.

Анын айтымында, заводдогу кыйынчылыктарга карабастан, ишкананын карызын жабуу боюнча схема иштелип чыкты.

"Өндүрүштү калыбына келтирүү үчүн кыргыз өкмөтү заводдун базасында индустриалдык парк түзүүнү караштырып жатат. Мындай кадам инвестиция тартып, туруктуу ишти камсыздайт", — деди атка минер.

Мындан тышкары, Диль нефтти кайра иштетүүчү кыргыз-россиялык "SvRichLTD" компаниясынын иши менен таанышып чыкты. Маалыматка ылайык, ишкана бир жылда 50 миң тоннага чейинки нефтти кайра иштете алат.

"Компаниянын жакын арада ишке кире турганын эске алып, чийки зат менен камсыздоо маселесин чечүү зарыл. Бул багытта өкмөт бардык жагынан колдоо көрсөтүүгө даяр", — деди вице-премьер.

Иш сапардын алкагында Диль Таш-Көмүр шаарында салынып жаткан кремний өндүрүүчү заводдун курулушун көрдү.

"Кристалл" заводу кремний өндүрүүчү ишкана болуп саналат. 1996-жылдан баштап ишке кирген заводдо бир жылда 660 тонна кремний өндүрүү пландалган. 2010-жылы  дээрлик иштебей калган заводду өкмөт менчиктештирүүгө аракет кылган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0