Статкомитет баалардын жогорулашы тууралуу маалыматты төгүндөдү

© Sputnik / Табылды КадырбековБазардагы күрүчтүн баасы. Архив
Базардагы күрүчтүн баасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Айрым маалымат каражаттарынын Евразиялык экономикалык биримдикке кошулгандан кийин Кыргызстанда баа көтөрүлүп кетти деген маалыматы чындыкка коошпойт.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Кыргызстандын ЕАЭБге кошулуусуна каршы чыккандардын биримдикке кошулгандан кийин өлкөдө биринчи муктаждыктагы товарларга баа жогорулап кетти деген маалыматы чындыкка дал келбей турганын Улуттук статистикалык комитет билдирди.

Мекеме августта мурунку айга салыштырмалуу керектөөчүлүк баа менен тарифтердин жогорулашы 0,3 пайызды түзүп, мында азык-түлүккө кирбеген товарлардын баасы 1 пайызга жогорулаганын белгилейт.

Бишкек шаары менен Чүй облусунда баа, тескерисинче 2,3 жана алты пайызга төмөндөгөнү байкалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0