Өкмөт Жалал-Абаддагы алтын кендерин иштетүү боюнча сынак жарыялады

© Sputnik / Игорь Агеенко / Медиабанкка өтүүАлтын кендерин казуу иштери. Архив
Алтын кендерин казуу иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сынактын негизги талаптарынын бири болуп кен тууралуу геологиялык маалымат камтылган кыска пакет үчүн 1 миллион 678 миң сом төлөө саналат.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кыргыз өкмөтү Тереккан, Перевальное жана Терек кендерин иштетүү укугу үчүн сынак жарыялаганын Мамлекеттик геология агенттиги билдирди.

Маалыматка ылайык, атайы түзүлгөн комиссия кен иштетүү укугу чүн бааны 20 миллион доолардан кем эмес өлчөмдө бекитти.

Алтын табуу карьери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мамлекеттик геология агенттиги үч алтын кенин иштетүү үчүн сынак өткөрөт
Сынактын негизги талаптарынын бири болуп кен тууралуу геологиялык маалымат камтылган кыска пакет үчүн 1 миллион 677 миң 610 сом төлөө эсептелет.

Сынакка катышуу боюнча кошумча маалыматты геология агенттигинин расмий сайтынан, 0 312 30-02-46, 0312 90-98-69 телефондору жана geoinvestkg@gmail.com электрондук дарек аркылуу алууга болот. 

Ал эми катышууну көздөгөндөр үстүбүздөгү жылдын 22-октябрына чейин Геология агенттигине документтерди тапшыруусу керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0