Диль: "Кыргыз почтасы" ишканасынын негизинде почта банкы түзүлөт

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевКыргызс Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль. Архив
Кыргызс Республикасынын вице-премьер-министри Валерий Диль. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Вице-премьер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун ишмердүүлүгүнө токтолуп, мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү жана активдерди баалоо зарылдыгын белгиледи.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. "Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасын чегинде почта банкын түзүү зарылдыгын вице-премьер-министр Валерий Диль карамагындагы мамлекеттик орган жетекчилеринин жыйынында билдирди.

Диль: мамлекеттик мүлктү башкаруу фонду начар иштегендиктен, реформалоого муктаж
Анын айтымында, жыл аягында мамлекеттик органдар тарабынан тармактык жана улуттук программалардын аткарылышы боюнча жыйынтыктоочу отчет түзүлөт. Аталган документ министрлер менен мекеме жетекчилеринин ишинин натыйжасын айгинелөөчү көрсөткүч болмокчу.

Вице-премьер Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун аткарган иштерине токтолуп, мамлекеттик мүлктүн бирдиктүү реестрин түзүү жана активдерин баалоо зарылдыгын белгиледи.

"Мындан тышкары, "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасын реформалоо маселесин тездетүү менен анын алкагында почта банкын түзүү керек", — деди Диль.

Жыйындын соңунда вице-премьер-министр өнөр жайды өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү концепциясын жана аймактарды класстердик өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну тапшырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0