Кыргызстан бюджеттин ачыктык индекси боюнча дагы 43 орунга жогору чыкты

© flickr.com / KMR PhotographyСтолдогу тыйындар. Архив
Столдогу тыйындар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча, мындан үч жыл мурун Кыргызстандагы бюджеттин ачыктыгы 20 упайга гана бааланса, быйыл Казакстан, Түркия, Азербайжан, Индия сыяктуу 67 мамлекетти артка калтырып, 34-орунду ээледи.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Кыргызстан бюджетинин ачыктыгы боюнча 54 упайга ээ болуп, 34-орунга жеткенин Каржы министрлиги билдирет.

Маалыматка ылайык, Эл аралык бюджет өнөктөштүгү тарабынан түзүлгөн бюджеттин ачыктык индекси коомчулукка бюджеттик маалыматтын жеткиликтүүлүк деңгээлин аныктайт. 

Салык декларациясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Каржы министрлиги эмдиги жылы КНС түрүндө 39 млрд. сом алууга ниеттенүүдө
Мындан үч жыл мурунку ушундай эле изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча Кыргызстандагы бюджеттин ачыктыгы 20 упайга бааланып, 76-орунда турса, быйыл Казакстан, Түркия, Азербайжан, Индия сыяктуу 67 мамлекетти артка калтырып, 34-орунду ээледи. 

Аталган индекс бюджеттик арыз, бюджет долбоору, бекитилген бюджет, жарандык бюджет, бюджеттин аткарылышы боюнча жыл аралыгындагы отчету, жарым жылдык отчет, жылдык отчет, аудитордук отчет сыяктуу сегиз бюджеттик документтин коомчулукка жеткиликтүүлүгү боюнча түзүлөт. 

Каржы министрлиги бюджеттин ачыктыгын камсыздоо үчүн Эл аралык бюджет өнөктөштүгүнүн иш тажрыйбасы менен талабына ылайык, негизги бюджеттик документтердин форматы иштелип жатканын эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0