Россия Нарын облусунун сугат каналдарын жакшыртууга 4,2 млн. сом бөлдү

© Sputnik / Мамадалиев / Медиабанкка өтүүНарын дарыясы. Архив
Нарын дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12 чакырымга созулган каналды оңдоп-түзөө иштери ПРООНдун "Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында ишке ашып,аны Россия каржылаган.

БИШКЕК, 10-сен. — Sputnik. Россиянын колдоосу менен оңдоп-түзөлгөн Нарын облусунун Жумгал районундагы "Алтын-Арык" сугат каналы ишке берилди.

Кызылча. Архив - Sputnik Кыргызстан
Биринчи сугаттан эле жарым килограмм түп байлаган кызылча өстүрүлүүдө
Куйручук айылынын 60 пайызын сугат суулары менен камсыздап келген канал 25 жылдан бери оңдоодон өткөн эмес. Андыктан сугат суулары тийиштүү көлөмдө жетпей, айдоо аянттары дээрлик эки эсеге азайган.

12 чакырымга созулган каналды оңдоп-түзөө иштери ПРООНдун "Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасынын алкагында ишке ашып, аны Россия каржылаган. Каналды оңдоого жалпысынан 4 миллион 200 миң сом кеткен.

"Эми 400 гектар жерди сугаруу иштери жеңилдейт. Дыйкандардын таман-акы, маңдай-тери эми толук акталып, кирешеси да көбөйөт", — дейт Жергиликтүү суу колдонуучулар ассоциациясынын жетекчиси Кайырбек Үсөналиев.

Теңге, рубль жана сом Кыргызстандан Россияга жашылча-жемиш жеткирүүгө таасир тийгизди
Ошондой эле, бул канал аркылуу Куйручук айылынын 1500дөн ашык тургуну суу менен камсыз болот.

Россия тарабынан каржыланган ПРООНдун "Нарын облусун комплекстүү өнүктүрүү" программасы Ак-Талаа, Ат-Башы жана Жумгал районундагы 30 айылда иштеп келет. Программанын негизги максаты социалдык-экономикалык абалды жакшыртуу менен аймактагы жакырчылыкты жоюу болуп саналат. Программанын жалпы бюджети 3,5 миллион долларды түзөт. 

Жаңылыктар түрмөгү
0