Кыргызстандык ишкерлер Кытайдагы ири жарманкеге катышат

© flickr.com / poeloqКытай мамлекетинин желеги. Архив
Кытай мамлекетинин желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жолугушуу учурунда катышуучулар Кытайдан инвестиция тартуунун жолдору, Кантон жарманкеси, ага катышуу ыкмалары, жана кытайлык ишкерлер менен кызматташуунун келечеги тууралуу кабардар болушту.

БИШКЕК, 9-сен. — Sputnik. Кыргызстандык ишкерлер Кытайда өтө турган CANTON Fair-2015 жарманкесине катыша турганын Соода-өнөр жай палатасы билдирди.

Тигүүчү Кыргыз Республикасынын желегин даярдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чувашия Кыргызстанда тигилген кийим-кечеге кызыкдар
Маалыматка ылайык, импорт жана экспорт товарлардын ири жарманкеси үстүбүздөгү жылдын 15-октябрынан 4-ноябрга чейин Гуанчжоу шаарында өтөт. Буга байланыштуу Соода-өнөр жай палатасы чет элдик өкүлдөр менен биргеликте жергиликтүү ишкерлер үчүн аталган 118-ирет өтө турган жарманкенин бет ачарын өткөрүштү.

Соода-өнөр жай палатасынын Гуанчжоу шаарындагы өкүлү China Trade Experts компаниясынын жетекчиси Амир Закиров Кыргызстанда жеке ишкердик өнүгүп жатканын, мындан улам суроо-талап да жогорулап жатканын белгиледи.

"Мындай жолугушуулар Кыргызстандын бизнес-коомчулугу үчүн абдан пайдалуу. Келечекте кызматташа турган компаниялар боюнча маалымат алуу каражатты ишенимдүү инвестициялоого жол ачат", — деди ал.

Жолугушуу учурунда катышуучулар Кытайдан инвестиция тартуунун жолдору, Кантон жарманкеси, ага катышуу ыкмалары, жана кытайлык ишкерлер менен кызматташуунун келечеги тууралуу кабардар болушту. 

Иш-чара Соода-өнөр жай палатасы, инвестицияларды өнүктүрүү боюнча агенттиктин колдоосу менен China Trade Experts жана ISR Consult компаниялары тарабынан уюштурулду.

Жаңылыктар түрмөгү
0