Сариев: Кумтөр маселесин чечүүнүн эки жолу бар

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКумтөр компаниясы. Архив
Кумтөр компаниясы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр Темир Сариев Кумтөр маселесин бирдей шарттагы биргелешкен ишкана түзүү же Кыргызстандын кожоюндугун күчөтүү аркылуу чечүүгө болорун билдирди.

БИШКЕК, 3-сен. — Sputnik. Өкмөт башчы Темир Сариев Кумтөр маселесин эки жол менен чечүүгө боло турганын айтты.

Анын айтымында, Centerra Gold Inc. компаниясы тоо иштеринин жаңы планын жибергенин, учурда документтер экспертизадан өтүп жатканын маалымдады.

Сариев Жогорку Кеңеш Суу кодексине өзгөртүү киргизүүнү эки окууда карап бергенин эскертти. Мыйзам кыргыз өкмөтүнө мөңгүлөрдө иштөөгө укук берет. Мында иш учурунда мөңгүлөрдүн абалы көзөмөлдө болушу шарт.

"Компаниянын ишмердиги мөңгүлөргө канчалык деңгээлде зыян келтири жаткаынн аныктоо үчүн эксперттик комиссия түзүлдү. Алардын ишинин жыйынтыгы чыккандан кийин сүйлөшүүлөрдү улантабыз", — деди өкмөт башчы.

Сариев: "Бозумчактын" ачылышы майрам катары кабылданат
Премьер-министр Кумтөр маселесин бирдей шарттагы биргелешкен ишкана түзүү же Кыргызстандын кожоюндугун күчөтүү аркылуу чечүүгө болорун билдирди.

Жогорку Кеңештин Кумтөргө байланыштуу токтомдорунун негизинде 2014-жылдын февраль айында өкмөткө республиканын кызыкчылыгына төп келген долбоор боюнча макулдашуу түзүү тапшырылган.

Буга чейин өкмөттүн сунушун карап чыгып Жогорку Кеңеш аталган ишкананы улутташтыруудан баш тарткан. Депутаттар Кумтөр маселесин чечүү үчүн өкмөткө 1-октябрга чейин мөөнөт беришкен.

Жаңылыктар түрмөгү
0