Кыргызстанды газ менен камсыз кыла турган газ түтүгү ширетилди

© Фото / пресс-служба ОсОО "Газпром Кыргызстан".Газ ширетүү иштери.
Газ ширетүү иштери. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
2014-жылы "Газпром" жана "Кыргызгаз" ишканалары сатуу-сатып алуу тууралуу келишимге кол коюп, ишкана "Газпром-Кыргызстан" деп аталган. "Газпром — Кыргызстан" Кыргызстанга жаратылыш газын импорттогон жападан жалгыз компания болуп саналат.

БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Чүй облусунун Сокулук районунда "Бухара газ аймагы — Ташкент — Бишкек — Алматы" магистралдык газ түтүгүн ширетүү иштери башталганын "Газпром-Кыргызстан" ишканасы билдирет.

Маалыматка ылайык, кыргыз-казак чек арасынан "Сокулук" компрессордук станциясына чейинки тилкенин курулушу Кыргызстандын аймагындагы газ түтүгүнүн II кезегинин акыркы баскычы болуп саналат. Түтүктүн аталган бөлүгүнүн өндүрүмдүүлүгү жылына 1,7 миллиард куб газды түзөт. II кезектин курулушун 2016-жылы аяктоо пландаштырылган.

"Аталган бөлүктүн ишке кириши менен "Бухара газ аймагы — Ташкент — Бишкек — Алматы" магистралдык газ түтүгүнүн Кыргызстандын аймагындагы өткөрүү жөндөмдүүлүгү эки эсеге көбөйөт", — деди салтанаттуу иш-чарага катышып жаткан "Газпром" ишканасынын төрагасы Алексей Миллер.

2014-жылы "Газпром" жана "Кыргызгаз" ишканалары сатуу-сатып алуу тууралуу келишимге кол коюп, ишкана "Газпром — Кыргызстан" деп аталган. "Газпром — Кыргызстан" Кыргызстанга жаратылыш газын импорттогон жападан жалгыз компания болуп саналат.

Жаңылыктар түрмөгү
0